Биз социалдык тармакта

Бир айдын ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир жарым миллиарддан ашык кубга азайды

Бүгүн, 18-январда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 358 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 18-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 358 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 160 метр куб, агып чыгышы 644 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бир ай мурун, тагыраагы, 2020-жылдын 18-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 935 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Malik92
2021-01-18 17:26:09
Бул сууну кан соргучтар барго ошолор сатып атышат да жашынып алып. Ошол сатылган суу менен кошо агып кетсенер экен кан соргучтар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан