Финансы полициясы Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"Финансы полициясы атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси "коммерциялык же ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" менен катталды, - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 18-январда көчмө жыйын өткөргөн.