Биз социалдык тармакта

"Аялдаманы маршруттук каттамдар эмес, таксилер ээледи". Шаар тургундары коомдук транспортту саргая күтүшүүдө

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө аялдамада маршруттук каттамды күткөндөрдүн саны күндөгүдөн арбын.

SUPER.KG порталы Манас жана Чүй көчөлөрүндө жайгашкан аялдамаларда эл коомдук транспортту күтүп жаткандарына күбө болду.

Маршруттук таксилерди күтүп турган шаар тургундарынын айтымында, коомдук транспорт токтоочу аялдаманы такси кызматтары ээледи.

"Элдин баары эле жумушунан үйгө кете албай турушат. Маршруттук таксилер такыр жок эмес, бирок өтө аз. 40 мүнөт күткөнүң аз келгенсип, батпай калып жатабыз, кайра кийинкисин күткүчө, таксиге түшүп кете берели десек, күндөгүдөн 30-50 сомго кымбат", - деп билдирди аялдамада тургандардын бири.

Бүгүн айрым маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын жогорулатууну талап кылышып, жумушка чыкпай коюшкан.

Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын май айында 2-3 сомго, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kari
2021-01-19 00:38:55
Биз бир жолу жумушта жатып калганбыз.2004 беле.Суук,курсак ач.Кээ бирлери такси жалдап кетишкен.Кымбат.Элекробустарды эртерээк каттамга коюшса жакшы эле болот.Же велосипед менен ишке катташса.Тутундон да кичине кутулмакпыз.
+2
Abdyrashit.Satylganov
2021-01-19 01:20:39
Бизге метро керек, шаардын калкы миллиондон ашты, бул жөнүндө жогору жактагылар бүгүнттөн баштап ойлонушу шарт. Анан кичи автобусту колдон келишинче чоң автобуска алмаштыруу керек, антпесе бул көйгөйлөр улана берет, жолдун каролдору ушул кичи автобустар каалаган жерине токтоп, кызыл светофорду көзгө илишпейт
+4
Abdyrashit.Satylganov
2021-01-19 01:28:34
Жол акысын көтөргөнгө мен каршы эмесмин, бирок 15 сом ылайыктуу транспортту камсыздап бергиле, 12-15 адамга ылайыктуу кичи автобустар 30 га чейин адам алышат, эгер жолдо кырсык болсо ошончо адамга ким жооп берет? Менимче азыркы баасы ошого ылайыктуу, алгач майга чейин транспортту камсыз кылып, анан көтөргүлө
+3
Mirnar
2021-01-19 02:17:39
Окуучуларды албай, кагып - силкип мамиле кылган айдоочуларды соттош керек эми, кыргызчылык кылып унчыкпай койбой.
+4
Kyrgyz_bloger
2021-01-19 03:03:02
Ушуну менен экинчи жолу коркутуп жатышат,бул деген мэрди эле эмес,окмотту дагы тоготпогондук 4 октябрдан кийин олкодо баары кымбаттады,окмоттун алы келбей жатат,бирок козун май баскан фанаттар мактаганын койбоду,коомдук транспортту жонго сала албаган эмне деген окмот,маршруткадан жакшы эле акча тушот,буларды бироолор тоношот,бир иликтоодо коргом шаардык кенештин депутаттары ар бир линияны болуп алып налог салып акча алышат.
+3
nazira...
2021-01-19 09:59:23
Kyrgyz_bloger,ошолор айткан да чыккыла деп болбосо чыга албайт булар. Мына Ошто бензин,солярка силерге караганда кымбат, жөн эле иштеп атышат го, Бишкек кымбаттаса Ош да кымбаттайт эми. Көп балалууларга эле кыйын.
+1
gul3ina
2021-01-19 07:21:34
Маршуртниктер кудайга шүгүр дегиле бизге караганда май чайнайсыңар
+2
JaneEr
2021-01-19 10:50:21
Айлык аз болсо каяктагы 15 сом кунуно?Жол гиреге эле иштеп ,квартплаттан ашпай ачтан олобузбу ыя?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан