Биз социалдык тармакта

Самара Каримова музыкалык окуу жайдын мурдагы директору ал тууралуу фейк маалыматтарды таратып жатканын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мурдагы директору Нурлан Каримов ал тууралуу фейк маалыматтарды таратып жатканын айтты. Мындай пикирин Каримова социалдык тармакта түз эфир учурунда билдирди.

"Ар тараптан колдоп жаткандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бүгүн мурдагы директор социалдык тармактардан фейк аккаунттарды ачып, туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Нурлан Каримов менен 13-январда Бишкек шаарына Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чогуу учуп барганбыз. Ал буга чейин мен канча соттук процесстерге катышканымды билчү. Соттон утканда министрлик ага жумуш издеп министрге кеңешчи кылып дагы чакырган. Бишкекте үйүм жок дегенинен Оштон ар түрдүү иштерди караштырышкан. Аягында Нурлан мырза менен бир командада иштейбиз дегенбиз. Чогуу Ошко келгенбиз. Ал кызматкерлерге жумушунан кетиши боюнча маалымат берген эмес. Мага башкача, жамаатка башкача сүйлөгөн.

Ал вотсаптан мугалимдерге "Самара мени коркутуп жатат, аны кууп чыгарып салгыла" деген билдирүү жөнөтүп, мен жөнүндө туура эмес маалыматтарды берген. Мугалимдерде күнөө жок, анткени аларга мен тууралуу башкача маалыматтар берилген. Мен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маданият өкүлү катары эч кандай андай баскынчылыкка барбайм.

Министрликтин статс-катчысы келип мени тааныштырып, соттун чечимин окуп кеткен. Ага карабастан Нурлан мырза мен жөнүндө туура эмес сөздөрдү чыгарып, каралап жатат. Мени колдогон мугалимдер үйүмө чейин келип жатышат.

Мен 15-январдан баштап директор болгом. Ал жердеги бардык нерсеге керт башым менен жооптуумун. Окуу процесси кандай болуп жатат? Мен жумушума шалаакы мамиле кылбашым керек. 15-январда Нурлан мырза кабинетти мага ачып бербестен кетип калган. Арадан 3 күн өттү. Нурлан Каримовдун "биз кабыл албайбыз" деген кадрлар бөлүмүнүн башчысын, башкы эсепчинин үстүнөн арыз жаздым. Ачкычты жоголуп кетти деп айтышкан, ошого байланыштуу бүгүн кабинеттин кулпусун алмаштырып койдук. Мындан кийинки кадамыбыз окуу жайды мындан да мыкты кылуу", - деди Самара Каримова.

Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалып, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы кабарланган.

Кечээ, 17-январда Самара Каримова окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы тарабынан белгилүү болду.

"Кечээ кечинде Самара Каримовадан айрым кызматкерлерге карата арыз келип түштү. Анда сотто утуп алганына карабастан окуу жайдын айрым кызмат адамдары анын иштешине каршы болуп жатканы айтылган. Арыз каттоого алынып, учурда прокуратура менен сүйлөшүү жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.

Нурлан Каримов креслого жармашкан адам эмес экенин билдирип, кызматын тапшырып берерин айткан.

Самара Каримованын түз эфири
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Jelezo
2021-01-19 00:23:32
Молодец иштегенди көрсөтүп кой,баары эптеп айлык алса убакыт өтсө болду сен атактуу балдарды,кыздарды даярдап чыгар көрө албагандарды ит капсын.
-15
Kari
2021-01-19 00:28:04
Ушул кыз соо элеби.Акчан коп болсо айга эле учуп кетчи.Жерден алысыраак.Анжеликадан сага оттубу ээ.Окубайын десен башка жанылык жок.
+19
ika8086
2021-01-19 00:45:05
Самара бир кун келип башын жейтго,элдин назарында калып эл менен кошо Асан кечип кетпесин.Оштуктарды алдай албайсын сени колдоп кубаттабайт эч ким.Маскара,уятсыз,ууруларча бастырып келип эшигин алмаштырып койгон мн каалаганынды жасай албайсын.Андан коро мал сарайга барып уй,койлорго сабак отсон болмок
+19
gulya583
2021-01-19 01:11:17
Сени озу ким колдоп атат озу шерменде
+14
Birimdik5555
2021-01-19 01:47:59
Сени тан албаган мугалимдерди сотко берип, коркутуп тан алдырасынбы эмнеге арыз жазасын алардын устунон. Алардын да укугу бар да жакшы жетекчиси менен иштеп,аны колдогонго
+12
Mirnar
2021-01-19 01:50:36
Тооба ушундай бет тырмачы адамды биринчи жолу корушум. Директорду айдап чыгып алып, эми кайра аны куноолу кылып... Соз жок...
+14
bema_bema
2021-01-19 02:29:11
Mirnar,Ошону айтын ото бети жок экен.
+10
nazira...
2021-01-19 07:07:10
Уруш жанжзал менен келип не кереги бар, толтура го иш деген. Акчан көп экен частный ачып алып отура бер, эненден чон аялдар менен ажылдашпай. Атандай эрди тартып алдын эле эми энендей аялдар менен ойношпо. Конгон адатынды ташта.
+9
ulan73
2021-01-19 07:11:37
Эми Анжеликада бир окуу жайга директор болом деп чыкпаса болду.
+9
Mustafo
2021-01-19 07:18:42
Ар тараптан колдогондорго ыраазымын дейт , колдогон эч кимди окуганым жокко 1 жумадан бери сулуу чымчык.
+11
Danil-adil-
2021-01-19 09:11:00
Эл адамы эле улгу гана болуш керек, жеткен куу тулку турбайбы
+6
Pchelka85
2021-01-19 09:32:35
Просто Самаранын бул аракетин мен мындай тушуном. Ал-(Самара) туштокто жакшы эле популярдуу аны танбашыбыз керек. Мне кажется озунон дагы жакшы онорлуу адам чыгып кетпесин деп музыка багытын колго алып калайын деген аракети го. Гульнур Сатылганова эжекебиз концерт койом деп барганда Аскесинин былыктарын помните?? Сатылган билеттерди сатылбай калды отпой калды деп калп айтып драм театрды ачпай бербей койгон.Воот.. саунасын эле иштетсе болмок Самаке
+8
Aiymkunumjyldyzym
2021-01-19 09:34:11
Мугалимдер мени колдоп уйумо чейин келип жатат дейби?Самара сен уйуно келбей эле койчу,кабинетте эле отура берчи биз сени 24 саат бою карап эле отургубуз келип жатат деп барып жатышабы?Адамдын оюна келген нерсени айтсачы бир.Кичине намыс деген болуш керек наглость эмес.
+8
Pchelka85
2021-01-19 09:35:53
А так, кыргызда жакшы соз бар "Бодонону сойсо да касапчы сойсун " деген... то музейге, то музыкальная школага мурдун тыга бергене эмне??? Тынч эле ырын ырдап А[moderated]сине саунасын развивать эткенге жардам берип журо бербейби дейсин да бир чети.ушинтип барктан кетип, албуут, ажаан аялдай милиция менен директорлукка отрубай эле койсо болмок. Сутенерша эле жарашат. Же колледждеги жакшынакай кыздарды "Ишке" тартайын деп атты бекен. Ким билет...
+7
azhunushaliev
2021-01-19 09:58:09
уйат деле жок экен сенде Самара акча менен баарын сатып алып конгон экенсин, кызматка барбай эле чалыңдын жанында эле журо берчи элдин кыжырына тийбей
+6
JaneEr
2021-01-19 10:48:20
Койчу ай.Жийиркеничтуу болуп кеттин сасып Самара эми бир жолу
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан