Бүгүн, 19-январь күнү УКМК тарабынан кармалган активист Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева жана анын бир тууган иниси Азамат Аспеков маалымат жыйын берди.
Жыйында "Мелис Аспеков менен Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев таанышпы?" деген суроо узатылды.
"Жапыкеевди баары тааныйт болуш керек. Бирок кечээ, Сыймык Жапыкеев өзү билдиргендей, экөө бири-бирин тааныйт, бирок жакшы тааныштык мамиледе эмес", - деп жооп берди жактоочу.
Бул боюнча Азамат Аспеков төмөндөгүдөй жооп берди.
"Экөөнүн катышы жок. Бири-биринин үйүнө барышып-келишип чай ичишкен достордон эмес. Бирок бир арабада саясатта жүргөндөн кийин экөө бири-бирин тааныйт деп ойлойм", - дейт ал.