
Бишкектеги мектептерде 53 миң 500 окуучу салттуу режимде окуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда борбор калаада 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу билим алып жатат.
"Азыркы учурдагы эпидемиологиялык абалга жараша 1-5-9-11-класстын окуучулары гана салттуу билим алууну улантып жатат. Жалпы 53 миң 500 окуучу мекетепке барышты. 6 миңге чукул мугалимдер салттуу жана онлайн режиминде сабак берип жатат. 97 мектеп, 87 бала бакча дезинфекциялык каражаттар менен камсыз болду. Ага билим берүү башкармалыгынан 6 миллион 800 миң сом бөлүндү", - деп жазылат маалыматта.