Биз социалдык тармакта

"Сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген". Маданият министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча билдирүү жасады

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Тагыраагы, ырчы Самара Каримованын министрликти сотто утуп алганы боюнча даттанды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жарандык процессуалдык кодексине ылайык ыйгарым укуктарынын чегинде министрлик менен Каримова Самаранын ортосунда келип чыккан эмгек талаш-тартыштарынын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул болбой 2021-жылдын 15-январында апелляциялык арыз менен кайрылды".

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бир катар бузулушуна жол берген:

1. Министрликтин атынан сотко бир катар процесстик аракеттерди жасоого ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча, өкүлдүн бир катар процессуалдык аракеттерди жасоо укугу, көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген ишеним катта атайын каралышы керек. Демек, бул одоно процедуралык мыйзам бузуу болуп саналат.
Ошондой эле, сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган мурдагы министр тарабынан берилген. 2020-жылдын 14-октябрында жаңы министр Н.Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчиси же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлуп, ошол уюмдун мөөрү басылышы керек.

2. Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан күндөн тартып же эмгек китепчеси чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде жеке эмгек талаш-тартыштарын кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

"Белгилей кетсек, эми апелляциялык арызды кароо Бишкек шаардык сотунда жүргүзүлөт. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөт".

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
-ali
2021-01-19 13:06:46
Ушул асан екоо тойгозу
+10
Mirnar
2021-01-19 13:23:17
Сериалдын уландысы башталды
+6
sultan_bek
2021-01-19 13:35:10
Куралды сөгунөт дегендер Самараны оозго алгыз сөздөр менен өздөрү сөгүнүп, жамандап жатышат. Ушунчалык эки жүздүү адамдар коп экен.
-3
Sezimim...
2021-01-19 13:46:27
Тооба кылдым, эмне соттордун да денгээли Самаранынын денгээлинен да томон тушуп кеткенби? Кичине ар жак бер жагын териштирип туруп, анан чечим чыгарбайбы. Биздин соттор озу билими жок "тупой, тряпкалар" да...
+12
Aimani
2021-01-19 16:22:33
Sezimim...,соттор анын акчасын алые койсо каалагандай чечим чыгарып беришет да
+3
nazira...
2021-01-19 15:05:36
Ошондо не болду, Самарага еще не вечер да. Или уттубу.
+3
Nazic
2021-01-19 16:12:31
Демек, соттун чечимин да жокко чыгарыш керек экен да
+5
PeRa
2021-01-19 18:37:51
Самара сот потко карабай эле, директорунун эшигин талкалап ачып алып, созулуп отурат го, баары сонун деп.
+2
makskyzy
2021-01-19 20:34:12
Уландысын кутобуз демек мыйзамды бузган Самара экенда соттош керек муну чын эле 2жылдан бери уктап жатты беле же 2 айды 2 жыл деп тушунуп алганго келесоо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан