Бүгүн, 19-январдан 21-январга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар: Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226-чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 55-107-чакырымдары.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.