Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев: "Айдоочуларга жол кирени саат 20:00гө чейин 12 сом кылууну сунуштап көрдүм"

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту. Жолугушуудан кийин мэрдин милдетин аткаруучу сүйлөшүүлөр тууралуу буларды билдирди.

"Жол кире акысы 15 сомго көтөрүлсө коомдун аярлуу катмары, окуучулар жана пенсионерлердин мурдагы жол акысы сакталат.

Мен айдоочуларга "саат 20:00гө чейин 12 сом, 24:00гө чейин 15 сом кылгыла" дедим. Бирок алар актабай калат дешти. Жол акысы 15 сом болсун деген сунуш Транспорт жана жолдор министрлигине жөнөтүлөт", - деди Түлөбаев.

Бүгүн, 19-январда саат 14:30да Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук каттамдын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Анда айдоочулар Балбак Түлөбаев менен жолугушуп, жол киренин баасын 10 сомдон 15 сомго чейин, пенсионерлерге 5 сомдон 10 сомго көтөрүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-01-19 16:03:30
Ким арызданса эле ошонуку туура боло берет экен да. Анда студенттердин контрагын да түшүргүлө пандемияга ылайык, жеткиликтүү билим алышкан жок жөндөн жөн эле төлөй беребизби.
+3
bond0202
2021-01-19 16:16:53
Бааны которгонду ойлобой куйуучу майды арзандатканды суйлошпойбу жогору жактагы жегичтер менен.кун сайын осуп атат бензиндин баасы.мурдагы бийлик 2 эсе жакшы иштеген экен.
+7
Aky12
2021-01-19 17:17:52
bond0202,ошондо неге айтпадын жакшы иштеп жатат деп, колдо бар алтындын баркы жок, эми кеткенден кийин жакшы иштейт эле дебей
+2
bond0202
2021-01-19 23:34:14
Aky12,айтып эле келгемин дагы да айта берем.
0
Kyrgyz_bloger
2021-01-19 16:18:05
Маршруткадан жакшы эле акча тушот угушумча шаардык кенештин депутаттары налог салып тоношот,Балбак мэриядагы шаардык кенештин депутаттарын тубу менен жок кыл.
+6
Raihan0602
2021-01-19 21:17:20
Мугалимдер медиктер дагы башка мамлекеттик ишканаларда иштеген жарандардын эмгек акысын да көбөйтүш керек арзыбаган биртке тыйынга отурушат аларга караганда маршрутниктер 5-6 эсе көп табышат шүгүр кылыш да керек.
+1
Raihan0602
2021-01-19 21:21:08
Пенсионерлер жашап жаткан акчанын көлөмүн билесиңер да 2-3 миң пенсияны да көбөйтүш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан