Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын жогорулатууну талап кылган маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту.
Жолугушуудан кийин мэрдин милдетин аткаруучу сүйлөшүүлөр кандай өткөнү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Мен айдоочуларга айттым, эгер эртең ишке чыкпасаңар мен Бишкектеги маршруткаларды чогултуп алып өзүм элди ташыйм дедим. Бул эч кандай коркутуу, үркүтүү эмес. Мен шаардын мэри катары элдин талабын аткарып, элди ташышым керек. Керек болсо аскерлерден жардам сурайм, керек болсо менчик компаниялардан жардам сурайм.
Айдоочулар дагы туура түшүнүштү. Мен силерден суранам, айдоочуларды желмогуз көрсөтө бербегилечи. Алар деле биздин арабызда жүргөн тууган-уругубуз. Алар дагы 7-8 жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан көйгөйдү айтып, талаптарын коюп жатышат. Азыркы маселеде мени тепкилейсиңер, сөгөсүңөр, жаман көрөсүңөр, аны билип эле турам. Бирок бул маселени мен жалгыз чечпейм", - деди ал.
Бүгүн, 19-январда саат 14:30да Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук каттамдын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Анда айдоочулар Балбак Түлөбаев менен жолугушуп, жол киренин баасын 10 сомдон 15 сомго чейин, пенсионерлерге 5 сомдон 10 сомго көтөрүүнү суранышты.