Аламүдүн РИИБи дайынсыз жоголуп жаткан 18 жаштагы Айдана Зоотпекова аттуу кызга издөө салат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал былтыр 30-августта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда кыздын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска күңүрт түстө, көздөрү кара.
Кийген кийими: Кызыл түстөгү куртка, кызыл түстөгү ак тилкеси бар жемпир, кара түстөгү бут кийим.
Милиция кызматкерлери кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөн болсо же кандайдыр бир маалымат билсе төмөнкү байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99 же 102 номерине.