Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну аялын бычактап, андан соң өзүнө бычак сайып алды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя өткөн дем алыш күнү болгон. Анда көп бөлмөлүү батирде жашаган туугандар арасында чыр чыккан. Ачууга алдырган эркек киши аялына бычак сайып, андан соң кайнежесине кол салган. Бирок ал батирден качып чыгып, көчөдөгү адамдардан жардам сураган. Кошуналары милицияга кабар берген. Укук коргоо органдары келип, батирдин эшигин бузуп киришкен. Үйдүн ичинен 46 жаштагы аял менен анын жолдошунун жансыз денеси табылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.