Кант диабети менен ооругандар жылына бир жолу гликатталган гемоглобин тестин акысыз тапшыра алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 1-январдан тартып күчүнө кирген. Бейтаптар катталган жериндеги бейтапканаларга текшериле алышат. Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бекитилген Кыргыз жарандары үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу менен медициналык кызматтардын негизги пакети акысыз көрсөтүлөт. Бардык суроолор боюнча аталган фонддун 133 номуруна ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылсаңыз болот.