Биз социалдык тармакта

УКМК "Нават" ресторанын тең ээси Сергей Острецовду кармады

Бишкектеги "Нават" ресторанын тең ээси Сергей Острецов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Нават" ресторандар тармагынын кожоюну С.Острецовду кысым көрсөтүү жана өзүнүн компанияларынын акцияларын тартып алуу максатында камакка алынгандыгы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК 2009-жылдан азыркы мезгилге чейин күрөөканалардын тармагын жамынып алып, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларын иликтеп жатат.

Ошондой эле, күрөөканалардын түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын иликтөөгө байланыштуу, адамдардын тобу катышкандыгы текшерилет. "Наваттын" тең ээси ушул иш боюнча кармалды. Алар жөнүндө маалымат тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shake_shake
2021-01-20 17:27:26
Жаллан байлар чон курсактар жеп ичкен жер бул Нават
+5
Jaka78
2021-01-20 20:38:00
Ушундайлар кантип жүрөт,байып, ичип-жеген сайын буларга да берет, Кудайым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан