УКМК 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кундуз Жолдубаева тастыктады.
Анын айтымында, Мусакеев Свердлов райондук сотунун чечими менен 31-декабрда үй камагына чыккан.
2019-жылдын февраль айында Дамир Мусакеевге карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө, мыйзамсыз иштерге барууга шектелип кармалган. 2019-жылдын май айында Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Жогорку Сот УКМК 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин ишин кайрадан кароого жөнөткөн.