Мадрид шаарында катуу жарылуу болду. Каза болгондор бар

Бүгүн, 20-январда Мадрид шаарынын борборунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында болгон.

"Жарылуу карылар үйүнө жакын жерде болгону айтылууда. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен бир имараттын жогорку кабаттары кыйраган. Кеминде алты адам курман болгондугу кабарланууда. Жарылуунун эң чоң себеби - газдын агып кетиши. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Жеринде полиция, куткаруучулар, дарыгерлер, өрт өчүрүүчүлөр иштешүүдө", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан