Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 21-январь, саат 9:30га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы чектен ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч -78 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 50). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши – 41 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 38).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан