Биз социалдык тармакта

Кызыл зонада иштеген ак халатчандарга компенсация төлөө үчүн жалпы 179 миллион сомдон ашык каражат сарпталат

Өткөн жылдын декабрь айында кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери үчүн 179 миллион 631 миң сом компенсация төлөнөт. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2 миң 192 дарыгерге 52 миллион 847 миң 585 сом, 3 миң 949 орто медициналык персоналдарга 72 миллион 413 миң, 3 миң 552 кичи медициналык персоналдарга 54 миллион 371 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду компенсациялык төлөмдөрдү ар бир саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүп жаткандыгын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан