Бүгүн, 21-январда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 222 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 222 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 665 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Былтыр, 2020-жылдын ушул күнүндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14 миллиард 86 миллион метр кубду түзгөн болчу.