Биз социалдык тармакта

"Алтын" балык кармап ал. Бишкекте балык уулоо боюнча мелдеш өтөт

Бишкек шаарында тайпалар аралык балык уулоо боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын башкы максаты балык уулоо спортуна жана сергек жашоого үндөө болуп эсептелет.
"Бул жылы министрлик Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар уюму менен биргеликте аталган мелдешти уюштуруп жатат. Биздин өлкөдө активдүү эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Департаменттен осман жана форель балыктарын кармоо үчүн балыкчыларга атайын билеттер жана карточкалар берилип келет", - деп билдирген Балык чарба департаментинин башчысы Эдиль Ниязов.
Мелдештер 23-январда саат 9:00дө Ала-Арча суу сактагычында өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн билдирмелер Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар уюмунун кеңсесинде кабыл алынат. Тайпада төрттөн кем эмес адам болуусу зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2021-01-21 17:23:38
Ийгилик баарына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан