Бүгүн, 21-январда Бишкекте элге насыялык мунапыс берүү көйгөйү боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.
"Кыргыз өлкөсүндө насыя саясаты туура эмес иштеп жатат. Насыя саясаты башынан эле туура эмес болгон. Алар карапайым калктын деңгээлине жараша үстөк пайыздарды койсо болмок. Кыргыз өлкөсүндө 700 миңден ашык насыя алган жарандар бар. Бул насыя алгандарга жардам берүү үчүн чыккан токтом ишке ашса, 200 миң адамга жардам берилип калмак.
Насыя саясатын кайра карап чыгуу зарыл. Керек болсо керектүү адамдарды коюу керек", - деди "Элет Көйгөйү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Калысбек Ислам уулу.