Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн, 21-январда кабарлашты.
"Министрликтин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, ардагерлер кеңеши, генералдар клубу жана ИИМдин ички курамы Молдомуса Конгантиевдин жубайынын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", - дешти мекемеден.
Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдар аралыгында ички иштер министри болуп иштеген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Базаркүл Нурбаеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.