Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов көзү тирүү болгондо бүгүн, 21-январда 46 жашка толмок. Ал 1975-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында агартуучулардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси болгон.

1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинен тышкары орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.

Эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.

Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.

2010-2012-жылдары муфтий кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана Муфтияттын, уламалар кеңешинин, муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак Жалилов фикх (шарият мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси болгон.

Аалымдын көпчүлүктү кызыктырган 3 бөлмөлүү китепканасында 5 тоннадай китеби бар экендиги айтылат. Ошондой эле ал бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырып, убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.

Чубак ажы Жалиловдун артында 3 уул, 3 кызы калды.
