COVID-19 вакцинасынын биринчи партиясы Кыргыз өлкөсүндөгү орус аскер базасына жеткирилди. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун маалымат кызматынан билдиришти.
"Коронавирустук инфекцияга каршы 200 дозадан турган вакцинанын биринчи партиясы Борбордук аскер округунун аскердик-транспорттук учагы менен Кыргыз өлкөсүндөгү "Кант" аскердик базасына жеткирилди. Аскер медиктери аны атайын контейнерлерде алып келишти. Эмдөөдөн биринчи аскер базанын медиктери, күжүрмөн даярдыкта турган аскер кызматкерлери, командалык курам жана нөөмөттүк күчтөр өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Вакцина алуу ыктыярдуу түрдө болору жана аны саяр алдында организмге тийгизген таасири тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрү кошумчаланган.