Ош шаарында биринчи муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жай 29 транспортко ылайыкталган.
"Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар тарабынан атайын жер тилкеси берилип, долбоордук-сметалык документтер даярдалып, бир айдын ичинде үйдүн жашоочулары жабык муниципалдык унаа токтотуучу жай курушту.
Буга чейин бул жерде темир гараждар болгон, аларды тургундар эски эмерек, отун жана башка нерселердин кампасы катары колдонушкан. Быйыл бул жерде шаардын башка кичи райондорунда муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга болорун шаардыктарга көрсөтүү үчүн көрсөтмө семинар өткөрүү пландаштырылууда", - деп жазылат маалыматта.