"Түндүк электр" ишканасынын абоненттери жарык үчүн төлөмдөрдү почта түйүндөрүнөн төлөй алышат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эсептерди терминалдар, электрондук капчыктар, коммерциялык банктар жана башка абоненттик тейлөө борборлорунан дагы төлөөгө болот. Ошондой эле "Түндүк электрдин" Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы кассаларына кайрылууга мүмкүн.
Буга чейин "Кыргыз почтасы" мекемеси менен болгон келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байлыныштуу почта аркылуу төлөм жүргүзүлбөй калганы маалым болгон. Бүгүн кайра жаңы келишимге кол коюлганы айтылды.