Биз социалдык тармакта

"Өкмөт мыйзамды аткарбагандарга сөгүш берүү менен гана чектелип жатат" дейт депутат Бокоев

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында депутат Кенжебек Бокоев 2019-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашасы жалпы 11,7 миллиард сомго аткарылбай калганына токтолду. "Анын ичинен социалдык тармак боюнча чыгашалар 4 миллиард сомго аткарылган эмес. Бул багыттагы жасалбай калган иштердин тизмесин айтып койсоңуздар?" - деп өкмөткө кайрылды.

Финансы министри Кыялбек Мукашев социалдык багыттагы мамлекеттик милдеттүү төлөмдөр 100 пайыз аткарылганын белгилеп, бирок 4 миллиард сомдук жетишпестик тууралуу толук жооп бере алган жок.

Депутат Кенжебек Бокоев бюджетти аткара албаган кызмат адамдарына кандай чаралар колдонулганына кызыкты.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева: "2020-жылдын 17-декабрындагы №678 буйрукка ылайык, каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовго катуу сөгүш, Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыковго сөгүш жарыяланып, башка кызматкерлерге да чаралар көрүлгөн", - деп кошумчалады.

Бокоев: "Жөнөкөй жарандар жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөп жатат. Ал эми мыйзамды аткарбагандарга өкмөт сөгүш менен гана чара колдонууда. Анда муну мыйзам катары кабыл алыштын эмне кереги бар?", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2021-01-22 00:07:06
А мыйзам чыгарбагандарга кандай жаза бар?,
+1
munar1980
2021-01-22 08:41:40
Туурай айтат Бокоев согуш деген жазаны алып эле салсаңар жакшы болмок өз жумушун аткарбагандарга жумуштан алып 5 жыл кызматка албай турган кылып кара тизмеге киргизип койсо жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан