"Кыргызфильм" киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Сценарийлерге арыздар kyrgyzfilm.redakciya@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.
Киностудиянын айтымында, сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ошондой эле тиркемелери
жана сценарийлери кыргыз тилинде болот. Жеңүүчүлөрдүн сценарийлери киностудиянын расмий сайтына жайгаштырылат.
Эксперттик кеңеш тарабынан талданган сценарийдин авторуна 100 миң сом өлчөмүндө гонорар төлөнөт.