Акча да кыстарып жатышты. Депутат Тазабек Икрамов тойлордо ырдай баштады (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тойлордо ырдап баштады. Анын көпчүлүк чогулган жерде берилүү менен ырдап жатканын чагылдырган чакан видео интернетке желдей тарады. Ал ырдап жатканда адамдар чыгып, акча да кыстарып жана аны Икрамов чөнтөгүнө салып койгону көрүнөт.
Бул видео боюнча Икрамовго байланышканыбызда, ал төмөнкүдөй комментарий берди: "Ооба, кечээ досум уулун үйлөнтүп, той кылган. Ал бир жагынан досум да, классташым да болот, ошондо чыгып ырдадым", - деди каткыра күлгөн Икрамов.
Ал буга чейин да сөзү Жолон Мамытовго, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык “Издейм сени” аттуу ырды “Кыргыз радиосунун” эфиринде жандуу үн менен ырдап, угармандардын жылуу пикирине арзыган.
Анда интернет колдонуучулары “депутат мыкты ырдайт экен” дешип, вокалдык жөндөмүнө баа берип, кээ бирлери Тазабек Икрамов депутат болбой эле, артист болчудай таланты бар экенин белгилешкен.