Өлкөдө коронавирус инфекциясынын биринчи толкунунда илдетке кабылган карапайм жарандарды "Семетей" госпиталында, ал эми чиновниктерди республикалык инфекциялык ооруканада дарылашкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өткөн жыйында пандемиянын кесепеттерин иликтөө ведомстволук комиссиясынын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.
Айтымында, Бишкектеги инфекциялык оорукана коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптарды кабыл алууга, дарылоого даярдалган жалгыз мекеме болгон. Аталган медициналык жайдагы орундарды чиновниктер үчүн атайын кармашкан. Дарыгерлер атайын окуудан өтүп, даярдык көргөн эмес.
Айдай Турсунбекова Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы. Чыныбай Турсунбеков 5-июлда пневмониядан улам каза болгон.