Биз социалдык тармакта

"Узак жолго чыгуу кооптуу". Эртеңкиге карата аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу айдоочулардан Бишкек-Нарын-Торугарт жана Бишкек-Ош трассасына чыгуудан карманып турууну өтүнөт.

Эртең, 23-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Баткендин аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9;

Талас жергесинде: түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда: түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -6…-8 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан