Биз социалдык тармакта

"Жеке мектеп ач, жардам берем". Элнура Алканова Самара Каримованы музыкалык мектеп ачууга чакырды

Журналист Элнура Алканова директорлук кызматтан баш тарткан ырчы Самара Каримовага жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Алканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Намысы бар айым! Туура чечим кабыл алды. Кечирим сураганы инсандын кичи пейилдигин көрсөтөт дегендей, Самара канатыңды кайрыба! Кел андан көрө жеке мектеп негизде! Мен жеке жардам берем, колумдан келе турган кызмат болсо, албетте жөлөк болуп берейин",- деди Алканова.

Белгилей кетсек, буга чейин Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы окуу жайга директор болгондугун айтып, иштеп баштагандыгын жарыялаган. Бирок аталган окуу жайдын жамааты ырчынын жетекчи болгондугуна каршы чыгышкан. Бүгүн, 22-январда Самара Каримова директорлук кызматын тапшырып бере тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
supish2017
2021-01-22 15:44:19
Матраимова Элнура...
+10
Janyl98
2021-01-22 15:48:15
Колдогону туура. Антпесе Самара айымды талап салдынар.
-7
Jelezo
2021-01-22 16:55:02
Самара Каримова азамат айтканын жасаган.
-8
Esenali
2021-01-22 18:27:26
Элнура Алканова азаматсың.
+4
nazira...
2021-01-22 21:57:40
Уят, уят, өзүн ким сезди экен эле.
+4
Kari
2021-01-23 01:26:28
Жакшы жанылык.Ушундай болушу керек эле.Бироонун жарыны алып аманат,
Ойноп куло албадым,болдум кыжаалаттан болуптур да.
+2
Asyl.jazi
2021-01-23 09:21:46
Эшигинин ачкычы жаныланып калды
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан