Биз социалдык тармакта

Мурунку министр Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Космосбек Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган жана ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК №1 тергөө изоляторуна камакка алынган.
Андан соң, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен, шектүү Чолпонбаевге карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-январына чейин узартылган.
Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн соттун токтомуна карата шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна даттануу келтирген.

"Андан соң, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 27-ноябрындагы токтому менен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрындагы айыпталуучу Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндөгү токтому өзгөртүлгөн. Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2021-жылдын 15-январына чейин тандалган. Андан соң, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-январындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Космосбек Чолпонбаевге карата тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-марты кошулуп узартылды",- дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, буга чейин мурунку министр пандемия учурунда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан