Бүгүн, 22-январда Красная Горка-Акташ автожолунун 4-9 чакырымдарында жолдун эки жерине түшкөн кар көчкүлөрү тазаланууда. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчкүнү тазалоодо 1 даана автогрейдер, 1 жүктөгүч жана бульдозер техникалары иш алып барууда.
"Ала-Бука-Жаныбазар-Кировка жолунун 65-180 чакырымдарында да катуу бороондун жана кардын кесепетинен кар күрткүлөрү пайда болуп, техникалардан бульдозер жана автогрейдер иштеп жатат. Унаа жолунда каттам бар. Учурда дагы кар катуу жаап, бороон болууда. Унаа жолдорунда кар кɵчкүлɵрүнүн түшүү коркунучу сакталып, тазалоо иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.