Биз социалдык тармакта

Жактоочу Замир Жоошев Атамбаевдин дарыгерин сабаган "Альфа" кызматкерлери кандай жаза алуусу керектигин жазып чыкты

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан делген "Альфа" аскерлери кандай жаза аларын жазып чыкты.

Видеодо "Альфа" кызматкеринен бирөө дарыгердин башын рация менен чаап жаткандыгы божомолдонот.

"Ага сот Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 3-бөлүгү боюнча "Жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамы тарабынан ашыкча ыйгарым укуктар" боюнча оор кылмыш катары эсептелинет. 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Ал эми дарыгердин сабалышына катышы бар башка кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүгү боюнча бул анча оор эмес кылмыш болуп саналат. 2,6 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралат. Ошондой эле кылмышка күбө болгон кызматкерлердин бардыгы укук коргоо органдарына билдиришпегени боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү "Оор кылмышты жашыруу" боюнча сот алдында жооп бериши керек. Анча оор эмес кылмыш болуп саналат. 2,6 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Мындан сырткары, бардыгын УКМКдан жумуштан алуу керек. Бул оор кылмыш болгондуктан жабырлануучудан арыз талап кылынбайт", - деп жазылат жактоочунун билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Кундуз Ажибекова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына Кой-Ташта 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяны чагылдырган видеону жайгаштырган. Анда ал видеонун астына "Видеодо "Альфа" атайын багыттагы аскерлер Кой-Ташта бейкүнөө жана жардамга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабашкан", - деп жазган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kadyrova_
2021-01-22 22:35:41
Рас кылыптыр Кундузун кошо савабаптыр канкор эл душмандарын элдин канын соруп жашаган арам акмактар саваган эчнерсе эмес силерди атууга окум кылсада оной олуп болуп калат.
+3
al-abu-kinesz
2021-01-23 01:23:16
Сабагандар 5-7жарым жылга кетсе альфанын жоокерин аткан "адам" канча жылга кетет?
+2
Kona8631
2021-01-23 08:42:07
Камасын 10 жылга инвалид кылгыдай Ким булар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан