Бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары муз алдында практикалык машыгуу өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар суукта издөө иштерин жүргүзүүдөгү бир катар маанилүү тапшырмаларды иштеп чыгышты.
"Алар кыш мезгилинин кычыраган суугунда суу астында издөө жана куткаруу иштерин иштеп чыгышты. Машыгуунун негизги максаты - кызматкерлердин туруктуу даярдыгы жана кыраакылыгын камсыз кылуу. Сабактар практикалык жана теориялык бөлүктөрдөн турат. Сабактар жумасына эки жолу муз бассейндеринде жана көлмөлөрдө өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.