Биз социалдык тармакта

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 70 жаштардагы апаны үйүнө жеткиришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 70 жаштардагы апанын үйүн таап, жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январында болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына борбор шаардын Каракеев көчөсүндө улгайган аял адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда болжол менен 70 жаштагы Н.В. аттуу улгайган аял бир күн мурун үйүнөн чыккан бойдон адашып жүргөндүгүн айткан.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, 70 жаштагы улгайган аялдын дарегин таап, жакын адамдарына өткөрүп беришкендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан