Бүгүн, 24-январда саат 9:20га карата Бишкектеги Абдыкадыров көчөсүндө абанын булганышы нормасынан дээрлик 4 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Абдыкадыров көчөсүндөгү учурдагы көрсөткүч - 87 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 88). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 59 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 47).
