"КТРКнын башкы директору болуп кайрадан барбайт болчумун", - деп SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда Илим Карыпбеков билдирди.
"Садыр Нуркожоевич суранса да ал кызматка барбайм. Кулагымдан чоюп алып барса да барбайм. Мен ал жерде 4 жыл отурдум. Адам бир жерде 3 жыл отурса баарына көнүп калат. Садыр Жапаров мен тигинтем, минтем деп айтып жатат. Ал айтканынын баарын кылса аны өлкөнүн жарымынан көбү жаман көрүп калат. Адам реалдуу кадамдарды таштап баштаса анда жашообуз кыйын болот. Ошого чыдашыбыз керек", - деди ал.