Кыргыз жарандары үчүн Орусиянын жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишимдин (Москва шаары, 1996-жылдын 29-марты) алкагында Кыргыз жарандарына 2021-2022-окуу жылына карата Орусия Федерациясында окуу үчүн бюджеттик орундар бөлүндү.
Керектелүүчү документтер:
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейин EDUCATION IN RUSSIA сайтында гана жүргүзүлөт. Кененирээк маалымат төмөнкү шилтемеде.