Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып киргенинен агып чыгышы 4 жарым эсе көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 25-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 27 миллион 96 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 158 метр куб, агып чыгышы 764 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.