Биз социалдык тармакта

Ленин РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын капитаны каза болду

Ленин РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын капитаны Феруза Кенжесериева узакка созулган оорудан улам каза болду. Буга байланыштуу кесиптештери терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Маалыматка ылайык, ал 1989-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Ички иштер органдарында 2006-жылдан бери эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы болгон.

"Кызматкерибиздин арабыздан кеткени өтө өкүнүчтүү. Ал биздин эсибизде жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана жумушуна так милиция кызматкери катары калат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чоң жоготуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан