Красноярск-Ош-Красноярск чартердик аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 23-январынан тарта Красноярск-Ош-Краснорск чартердик аба каттамы ишке кирди. “Икар” авиакомпаниясы аткарган Красноярск-Ош багытындагы каттамды "Ош" эл аралык аэропорту күтүп алды.
Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти. Чартердик каттам жумасына 1 жолу, ишемби күнү учат.