Биз социалдык тармакта

"Үзүлүп кете жаздадым, көп убараландым, ызырындым" дейт 6 айдан бери директорлук кызматты аткарып жаткан Түмөнбай Колдошов

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжине директор болуп дайындалганына 6 айдын жүзү болду. Бул аралыкта окуу жайда кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар болгондугу тууралуу директордун өзүнө байланышып төмөнкүлөрдү билдик.
"Окуу жайга директор болуп келгениме алты айдын жүзү болду. Ушул мезгилде ынтымакты, ишенимди, колдоону, жалганды, тоскоолдукту көрдүм. Үзүлүп кете жаздадым, көп убараландым, ызырындым, аны кайра оңдодум. Мени бул жерге тагдыр алып келди, ырас ушундай болгон соң тагдырымдан качпай бетме-бет чыгайын деп чечтим. Алгач кубангандан кийин өкүнгөн күндөрүм көп болду. Алардын баары эми артта калды. Ал эми жасалган иштерди айтсак, эмгек жамааттын, коомчулуктун жардамы менен окуу жайга 826 миң 870 сом өлчөмүндө накталай дагы, материалдык түрдө да жардам келди. Ошонун эсебинен көп жумуштар жасалды. Бир мисал, салтанаттуу жыйындар залына 500 миң сом кетти. Окуу жайдын алдындагы плиталардын үстү тапталып эскирип калганына байланыштуу оодарып чыктык.Ошондой эле аллея сыяктуу кылып жарыктандырдык. Бул үчүн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык айтам. Эмгек жамаатта ынтымак болсо, дагы көптү жасайбыз. Өлкөдөгү педагогикалык орто окуу жайлардын сап башына чыгабыз. Эл аралык деңгээлге жетели деген чоң максатыбыз бар",- дейт Колдошов.
Түмөнбай Колдошов филология илимдеринин кандидаты, доцент. Директорлук кызматты аркалаганга чейин Ош мамлекеттик университетинде жетекчилик кызматтарда иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
arimaz89
2021-01-26 07:20:24
Азаматсыз! Жыртыгын бүтөп, кыйшыгын түздөп, алга жыла бергиле.
+18
asefsa
2021-01-26 07:47:37
Азамат, ийгилик, копко бара турган жигит!
+14
alisherchik
2021-01-26 08:13:52
Бири бирибизди чукулап, жалаа жаап, коро албай, кызганып, эмгекти баалабай журо берсек, эч качан онукпойбуз!!! Тумонбай директорго таазим жана ишине ийгилик.
+14
Talantus
2021-01-26 08:15:39
Туке ишине ийгиликтер арбый берсин.
+13
talant87
2021-01-26 10:36:11
Иштегенди колдоп адашса айтып койсо туурасын тушунук менен кабыл алыш керек ийгилик
+4
Janyl98
2021-01-26 10:37:13
Кызматка келгенде бир нерсе озгоруу кылайын деп келгиле. Жон эле айлык алып ичип жеп кетип калайын дебей
+4
Nina.alex
2021-01-26 10:45:51
Самара кандай директор болмок экен? ?
-4
Erik2018
2021-01-26 15:08:07
Биздин соттор, ак үй, өкмөт үйлөрү, толтура мамлекеттик мекемелер үлгү алгыла.
+4
Sezimim...
2021-01-26 17:39:29
Кебетесинен эле корунуп турбай бы кандай адам экени, ишине ийгилик. Кыргыздын чыныгы ак пейил адамдарынын бири болуп, башкаларга сабак болсун!!!
0
Alixan-Nookat.2015
2021-01-26 20:05:40
Ийгилик гана каалайм!
0
Egizderim-baktim
2021-01-27 04:06:51
Мен окуган КОЛЛЕЖ.БК-27.2009-2011жылдары окуган болчумун. Тумонбай аке сизге ийгилик. Буйруса шаарга барсам созсуз барам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан