Биз социалдык тармакта

Самара Каримова баш тарткан директорлук кызматка ким келет? Министрликтин жообу

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалып, эмгек жамааттын нааразычылыгынан улам кызматтан аргасыз баш тарткан. Бүгүн, 25-январда ырчынын арызы расмий түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келип түштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда директорлук кызматка кимди дайындоо талкууланып жатат.

"Ырчынын арызы келип түштү. Учурда жетекчилик орунга окуу жайда иштеген кызматкерлерден эле дайындоо каралып жатат", - деди мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, отурум 3-февралга белгиленген.

22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Janyl98
2021-01-25 17:21:16
Сулуу айым бар бол. Ишине ийгилик
-6
Baha.A
2021-01-25 17:25:06
Janyl98,чачын жайып алыптырбы?
+9
erik3
2021-01-25 19:06:56
Baha.A,
Оба чачын кое берип, чачтарын жасап алса кыздар кандай гана керемет сулуу корунуп калышат.
0
Sa89ai
2021-01-25 23:05:41
erik3,ой келтиресин даа
+3
azamat_tabaldiev
2021-01-25 18:01:05
Оло жагасын Самара
0
azamat_tabaldiev
2021-01-25 18:02:29
Ошол жерге директор болсон сонун иштерди жасайт болсон керек эле
-8
Tyty1990
2021-01-25 19:16:36
azamat_tabaldiev,Кара-Алма 2, мы открылись депби?
+9
azamat_tabaldiev
2021-01-25 18:04:42
Сулуусун соз жок
0
Omyke
2021-01-25 20:12:21
Баш тартбай эле))Куп эле жабыштыго креслого айласы кетип шыпырылып тушту))
+2
ika8086
2021-01-25 20:46:27
Баардык нерсе Аллахтын буйругу менен болот.Буйурбаган нерсеге ынтылып,абийирин кетирип,кашыктап тапкан абройун чомучтоп тогуп салды.Болду эми Кыргыз Эл артисти деген наамгада татыбайт экенсин.Бул наамды да булкунуп,жулкунуп Жантайын ортого салып,акча берип алгандайсын.
+8
aika2013
2021-01-26 09:23:00
Самараны тряпкадай ыргытып жиберишти эжекелер,баш тарттым деп коет Тим эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан