"Манас" эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу айрым каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда 2 каттам кармалууда.
"Бүгүн аэропорттун айланасында туман болуп жаткандыктан, 2 каттам кармалууда. Анда Бишкек-Алматы-Бишкек жана Ош-Бишкек каттамдары. Алматы-Бишкек каттамы саат 11:10го учууну пландап жатат. Ал эми Оштогу каттам туман тарагандан кийин учат", - дешти басма сөз кызматынан.