Бишкекте томолой жетимдерге көп кабаттуу үй салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалитеттин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент менен жолукканда бул тууралуу сүйлөшүп чыккан.
"Шайланган президент менен жолуктум. Ал киши мага эки тапшырма берди. Биринчиси томолой жетимдерге көп кабаттуу үй салалы деди. Ал жерлер азыркы учурда изделип жатат. Бирөө Учкунда, бирөө Ленин районунда. Азыр эки жерди даярдап жатабыз. Кудай буюрса, 1-2 жылда томолой жетимдерге бир бөлмөлүү батирлерди беребиз", - деди Балбак Түлөбаев.