Биз социалдык тармакта

Жактоочу: "Дарыгерлер 3-февралга чейин Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна карата консилиум өткөрүшү керек"

Дарыгерлер 3-февралга чейин мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча консилиум жүргүзүшү керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 3-февралда саат 14:00дө Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отуруму болуп өтөт.
"Кой-Таш иши боюнча акыркы соттук отурумда сот чечим кабыл алган, анда Саламаттыкты сактоо министрлигине сот атайын кат жиберерин айткан. Ошол каттын негизинде аталган министрликтин дарыгерлери Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун текшерип, кандай оорулар менен ооруп жатат, ошол жөнүндө сотко маалымат бериши керек. Биз ал кат жиберилдиби же жокпу азырынча билбейбиз. Эгер жиберилген болсо, министрлик тарабынан эмне иштер жасалды бизде маалымат жок. 3-февралда дайындалган отурумга чейин министрликтин жообу сотко келиши керек", - деп билдирди жактоочу.
Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар: Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarnew
2021-01-26 12:16:37
Ушул жетимди уу берип эле тынчытып салгылачы, или Кытайдан алган бир жарым миллиард карызын төлөп, дача суу окуясы үчүн жооп берсин.
+2
Janyl98
2021-01-26 13:56:42
Атамбаевге ден соолук, узун омур каалайм.
-1
Asanali
2021-01-26 16:09:23
Олбойт 4-октябрда бир жакшына аянта жургон, ойуна келгенди онтоп
+1
bond0202
2021-01-26 16:38:04
Сариев жонундо неге маалымат жок.качып кутулдубу ошондо.бул дагы ошонун артынан качып кетеалбай журот ден соолугун шылтоолоп
0
jalgyzymsyn
2021-01-27 09:22:01
Уурунун ден соолугунун кимге кереги бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан