Бишкек шаарына 30 музыкалык мектеп салуу керек. Бул тууралуу бүгүн мэрияда пландалган жыйында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Вице-мэр белгилегендей, калаада музыкалык мектептерге болгон талап көп.
"Бишкекте миллион адам жашаса, 11 гана музыкалык мектеп бар. Алар дагы жалпы билим берүүчү мектептердей эле толуп калган. Дагы 30 музыкалык мектеп салуу керек. Балдар окугусу келет, ата-энелер алып барууну каалайт", - дейт Чыныбаева.
Ошондой эле Айжан Чыныбаева Бишкекте муниципалдык мектептер негизинен 76 миң 935 орунга ылайыкталып, бирок азыр анда 171 миң 337 окуучу окуп жаткандыгын кошумчалады.