Биз социалдык тармакта

Борбор калаада үй-жайы жок адамдар үчүн 200 орундуу жай курулат

Бишкек шаарында үй-жайы жок адамдар үчүн 200 орундуу жай курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жай шаардык бюджеттин эсебинен курулат.

"Кышында, жайында көчөдө кыйналып жүрүшөт. Биз аларды атайын курулган жайга киргизип, жууп-тазалап, паспорту жок болсо паспорт алып берип, кайра айылдарына жеткиришибиз керек. Буюрса, бул ишти жакында баштайбыз. Бишкек шаарында мындай жай жок болчу. Борбордун ичинде дарыгер, милиция болот. Жашоо үчүн шарттар түзүлөт. Шаарда жүргөн үй-жайы жок адамдарды коомго кайра кайтарабыз", - дейт Балбак Түлөбаев.

Мындан сырткары шаар мэринин милдетин аткаруучу жардам берем деген фонддор болсо кызматташууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-26 13:40:49
Жумуш менен камсыз кылсанар жакшы болот эле,айлык акыны кобойтсонор анан.Эл эмнеге тентийт.Акчанын жоктугунан,акча табуучу булактын жоктугунан.Уйуно жеткирип салганда аны,анын уй булосун ким багат.Жумуш орундары керек.Бут кийим тигуучу заводторду ишке киргизгиле,Кызыл Кияда бар эле.Оор онор жайларды ачсанар,темирлерди кытайга сатпастан.Вторсырье жок экен бизде.Сут азыктарын,жунду,этти,фруктыларды жонго салсак жакшы болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан